www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип пайдалануу боюнча Өзбекстан менен макулдашуу каралууда. 

Жыйында депутат Нуржигит Кадырбеков чек ара маселеси боюнча шашылыш чечим кабыл албоону сунуштады.

"Маселе өтө сезимтал. Биз, депутаттар эмоцияга алдырбашыбыз керек. Балким, бул маселе чек ара маселесин чечүү үчүн, келечекте эки өлкөнүн ортосунда талаш-тартыш болбошу жана окуялар кайталанбашы үчүн жакшы ниет менен көтөрүлүп жаткандыр. Бирок, бул келишим көпчүлүктү тынчсыздандырууда. Мен президентке кайрылып, бул маселени четке кагып, беш жылга мораторий киргизип, дагы бир жолу ойлонуп көрүүнү сунуштайм. Мисалы, президент казинолор жөнүндөгү мыйзамга кайрылып, аны жокко чыгаруу демилгесин көтөрөт деп ойлойм. Бул чечиле турган маселе. Бирок, Өзбекстан менен келишим маселесинде ката кетирип алсак, анда артка жол жок. Көпүрөнү өрттөп жибербиз. Өлкө башчы дагы бир жолу ойлонсо жакшы болмок. Ниети жакшы, бирок ушундай жакшы ниети менен деле адашып калышы мүмкүн. Бирок, азыр карай турган болсок, анда ачык кароо керек», - деди Кадырбеков.

Талкуудан кийин депутаттардын көпчүлүгү келишимди жабык эшик артында кароого добуш беришти.

Көпчүлүк добуш менен (Улан Примов, Лейла Лурова, Чолпон Султанбекова, Улан Бакасов, Миргүл Темирбаева, Ырысбек Атажанов, Жылдыз Таалайбек кызы) Өзбекстан менен келишимди жабык эшик артында кароо чечими кабыл алынды. Ачык талкуу өткөрүүнү Адахан Мадумаров, Чыңгыз Айдарбеков жана Нуржигит Кадырбеков сунуштады.

Булак: NazarNews.kg  

Последние новости