www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда тоо-кен тармагына берилген 1982 лицензияга жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында 800дөн ашык мыйзам бузуу аныкталып, 600дөн ашык лицензиянын аракети убактылуу токтотулду.
Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев «Кабар» улуттук маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.
Министрдин айтымында, текшерүү учурунда лицензия алган айрым компаниялар рекультивация иштерин жүргүзүү үчүн атайын эсеп ачпаганы, тиешелүү долбоорлорду даярдабаганы жана мамлекетке милдеттүү төлөмдөрдү өз убагында төлөбөгөнү аныкталган.
Ошондой эле Акыл Токтобаев учурда кендерди иштетүү укугу мамлекеттин үлүшү кеминде 30 пайызды түзгөн компанияларга берилип жатканын маалымдады. Анын айтымында, мындай ишканалардын катарына «Кыргызалтын», «Кыргызгеология» жана «Кыргызполиметалл» кирет.