www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда эгемендик алгандан бери кен тармагын иштетүү боюнча 2415 лицензия берилген. Алардын ичинде казуу, чалгындоо боюнча лицензиялар. 2415 уруксат кагазынын ичинен 471и алтын казууга, изилдөөгө, чалгындоого. Ал эми, 102си металлдарга берилгени маалым болду. Алардын ичинен уран казуу боюнча да лицензиялар бар. 22 лицензиясы казууга, 80 лицензиясы изилдөө менен чалгындоого уруксат берчү документ.

Ал эми, көмүр кени боюнча 337 лицензия берилсе, анын 192си казуу иштерин жүргүзүүгө багытталган. Курулуш материалдары боюнча 1039 лицензия болсо, анын 573ү казууга берилген. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Карыбек Ибраевдин айтымында алтын кенин казууга берилген лицензиялардын көбү Кытайдан келген инвесторлорго туура келет. Ошондой эле, жергиликтүү инвесторлор кенге кирбеген материалдарга лицензияны көп алса, алтын жана баалуу металлдарга берилген лицензияларга чет элдиктер көбүрөөк ээлик кылат,-деп "Факты KG" гезити жазып чыкты. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости