www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияда милиция кызматкери документ көрсөтүүдөн баш тарткан кыргызстандыкты сабап салды. Анын видеосу социалдык тармактарга тарап, кызуу талкууга алынууда.

Тасмада көрүнүп тургандай, полиция кызматкерлери кыргыз жаранын кафеден сүйрөп чыгып, буттарына тепкилешкен. Белгилүү болгондой, окуя Москванын Ленинград базарында болуп, укук коргоо кызматкерлери ал жерге “мигрант” аталышындагы операциянын алкагында барышкан. Бирок, эң кызыктуусу, Орусияда мигранттар менен ишти полиция кызматкерлери алып барбайт, ал үчүн федералдык миграциялык кызматы дегени бар. Демек, бул "мигрант" операциясы мыйзамсыз жүргүзүлгөн же болбосо жоопкерчиликтен кутулуу максаты көздөлүүдө деген ой келет.

Ал эми жогорудагы окуядагы кыргыз жараны бетинен жаракат алган. Ал ошол жерден эле полиция кызматкерлерине карата арыз жазган. Маалыматтарга караганда, ур токмокко алган полиция кызматкери “Аэропорт” ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп чыккан. Учурда бул окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. РФдагы Кыргызстандын элчилиги бул окуя боюнча кабардар экендиги маалым болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости