www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекке жылуулук качан берилет?

Мына ушул суроого учурда шаардыктар жооп таба албай убара. Ошол эле мезгилде, Бишкек ЖЭБинде 1 миллион тонна көмүр керектеле турган болсо, учурда анын 196 миң тоннасы эле даярдалганы айтылууда.

Мындан улам, тынчы кеткен шаардыктар “Эми эмне менен жылытат?”, “Андай болсо, тезек тергиле деп коюшпайбы”, “аяз түшүп баары тоңгуча күтүп жатышкан го...”, “мэрия менен өкмөт эмнени ойлошууда” деген өңдүү тынчсызданууларын билдиришүүдө.

Кыскасы, ЖЭБ – шаардыктардын пикиринде, кышкы от жагуу мезгилине даяр эмес. Болбосо жылда бул октябрь айына кара алтындын 70% даярдалып калганы айтылчу.

Ал эми шаардык бийликтин маалымат кызматы, эгер 5 күн бою абанын темпратурасы 8 градустан ашпаса жылуулук берүү мезгили башталарын билдирди.

NazarNews.kg

Последние новости