www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзүн “Кудай” атап коомчулукка дүрбөлөң салган Арстан Алайдын тарапташтарына коомдук тартипти бузгандыгы жана милициянын талаптарына баш ийбегендиги үчүн ар бирине 3 миң сомдон айып салынды. Бул тууралуу укук коргоочу Рита Карасартова бүгүн маалымат таратты.
Маалыматка ылайык, алар салынган айыпты мыйзамсыз деп таап, аны жокко чыгаруу үчүн Биринчи Май райондук сотуна кайрылышты.
Ага чейин ушул эле укук коргоочу “Бүгүн саат 8:30да Биринчи Май райондук сотунда Арстан Алайдын тарапташтарынын тынч митингге чогулганы үчүн ар бирине 3000 сом айып пул салуу боюнча соттук отурум болмок. 45 мүнөт судьяны күткөндөн кийин, “ал жол тыгында автоунаасы менен турат” деп катчысы айтып кеткен. Анан 10 мүнөттөн кийин “судья ооруп ооруканага кетти, кийинкиге жылдырабыз, силерге биз өзүбүз айтабыз” деп элди таркатты” деген маалымат тараткан эле.
Эске салсак, Арстан Алайга карата Бишкек ШИИББи тарабынан «Расалык, улуттар аралык, улуттук, диний жана аймактар аралык жек көрүүгө түртүү» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Учурда териштирүү иштеринде эки экспертиза дайындалды. Диний жана лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы чыккан соң ага юридикалык баа берилет.
Булак: NazarNews.kg