www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Татарстандагы  мектептин биринде мугалим өз каалоосу менен иштен кетти. Буга сабак учурунда биринчи класстын  окуучуларынын  оозун скотчтоп коюп, тынчыраак сабак өтөм деген мугалимдин жоругу себеп болду. Бул көрүнүшкө ата-энелер нааразы болуп  милицияга кайрылышты.

«Мой Альметьевск» порталынын маалыматында, №25 мектепке мугалим жыл башында эле  жумушка орношкон. Бул иш боюнча Билим берүү башкармалыгынын башчысы Ирина Павловская регламент боюнча кароодон өткөндүгүн жана аны прокуратура карай тургандыгын билдирди.

Эскерте кетсек, ушундай эле окуя ушул жылдын апрель айында Бишкектин №25 мектебинде да катталган. Анда дене тарбия мугалими сабакка спорттук кийими жок келген 4 окуучунун оозун скотчтоп коюп, жумушунан кеткен. Ошондой эле, Индияда да студенттердин башына коробка кийгиздирип, экзамен тапшырткан окуя чоң талкуу жараткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости