www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Болгон окуя: Көрдө тирилген кыз

Мындай окуялар дегеле турмушубузда көп кездешет. Арийне, анын бардыгы Кудайдын буйругу дечи. Ар кандай өлүм менен өлүп (өзгөчө токко урунуп клиникалык өлүм менен), кандайдыр бир мезгил аралыгында көрдөн кайра тирилип кетип жатпайбы. Жаратканымдын буйругу болсо ал билинип калып көрдөн казып чыгарып алышат. Болбосо ошол көрдө жаткан боюнча чыга албай кайрадан экинчи өлүмгө дуушар болушат. Бирөөлөрдүн жардамы болмоюнча көрдөн чыгуу эч мүмкүн эмес. Алардын тирилип көрдөн чыгып кутулуп кетишине ар кандай себептер болот. Көпчүлүк мезгилде өлгөн адамдын көрдөгү бир нерсесине кызыгып, көрдү казып жатканда тирилип кетишет. Мындайча, орусча айтканда, аларга "повезло". Жашоолорун улантканга кайра мүмкүнчүлүгү бар.

Көрдө тирилген кыз тууралуу бул окуяны орус улутундагы Света деген аялдын өз оозунан уккам. Ал окуяга күбө болуп, баарын көзү менен көрүптүр.

- Мен анда күйөөгө чыга элек жаш кезим болчу, - дейт ал

- Лена деген бир мектепте, атүгүл бир класста чогуу окуган классташым боло турган эле. Ал азыр Казакстандын Тараз калаасында жашап жатат. Эки-үч балалуу, атүгүл неберелүү да болуптур. Аны менен азыркыга чейин катышып бири-бирибиздин үйүбүзгө конокко барып турабыз. Эгерде оокатка, дүйнөгө кызыгышкан уурулар болбогондо бир Кудайым өзү билет эле, ал азыркыга чейин жашап жүрөт беле?

Мен анда турмушка чыга элек болчумун. Лена болсо менден мурун турмушка чыкты. Ошол турмушка чыгаар алдында же тагыраак айтканда, так эле тою болоор алдында укмуштуудай кызыктай окуя болуп кетти.

 Ленанын ата-энеси жакшы турушчу. Ал күйөөгө чыкканы жатканда дайыма жанында мен болуп жандап жүрдүм. Үйлөнүү үлпөтүнө ал укмуштуудай кооз, кымбат көйнөк сатып алды. Төшүндө алтындын буусунан чапталган укмуштуудай кооз, жалтырак гүлдөр, оймолор чапталыптыр. Анын аман калышына ошолор себепчи болду окшойт, аны кийинчерээк үйлөнүү үлпөтүнө ал аябай даярданды, ата-энеси дагы кызынан эч нерсесин аяшкан жок. Мойнуна, төшүнө, кулактарына эң кымбат баалуу кооз нерселерди сатып берип жатты. Колуна кымбат баалуу шакек менен сөйкө, ар кандай моюнча чынжырчалар. Бардыгы тең ушунчалык кооз, тим эле анын көркүн ачып турду. Анын үстүнө ал өзү дагы сулуу болчу. Көйнөгүн кийип, жалтырак-жултурак баалуу нерселерин тагынганда кадимки эле кинодогу сулуу "принцесса" болуп калат экен. "Мен дагы турмушка чыкканда ушундай кийинсем кандай жакшы болот эле" деп ага аябай суктанып карап койдум эле. Бирок мен андай болуп жасанып, кымбат баалуу нерселерди сатып алганга мүмкүнчүлүгүм жок болчу. Биз аларга салыштырмалуу аябай эле кедей турчубуз. Бирок Кудайга тобо деш керек, көпчүлүктөн артта калбай эле эл катары жашап, оокатыбызды өткөрүп келе жатабыз. Эч кимге көз каранды, эч нерсеге муктаж эмеспиз.

Ошол күнү ал эртеңкиге турмушка чыкканга катуу даярданып жаткан. Болочок күйөөсү Казакстан Республикасынан Дима деген жигит болчу. Экөө көпкө сүйлөшүп жүрүшүп, анан үйлөнүүнү чечишкен. Барпыраган      кооз     көйнөгүнө башкача бир кооз топчу кадап жатканбыз. Кооз топчуну кандайча оозуна сала койгонун билбейм, бир кезде ал ары көздөй жүгүрүп кетиптир. Көпкөк болуп дем алалбай, кыркырап-шыркырап, оозунан шилекейи ага, көздөрү аңтарыла жерге кулап түштү. Адегенде мен эмне болуп кеткениң түшүнгөн жокмун, дароо сыртка жүгүрүп чыктым да үйүндөгүлөрүн жардамга чакырдым. Аларды издеп, таап, жетип келгиче ал үзүлүп кетиптир. Эки көзү аңтарыла жерде кыймылсыз жатат, тамырын кармап көрсөк эбак эле сокпой калыптыр.

Заматта ызы-чуу, дүрбөлөң түшүп калышты. Дарыгерди  чакыртышты эле "кеч болуп калды, анын өмүрүн сактай албайбыз" деп айтып жатпайбы. Алдыда боло турган үйлөнүү той ошентип аза күтүү, өлүктү жайына коюу зыйнатка айланып кетти.

Өлүк коюу аземине болочок күйөө бала менен болочок кудалары дагы катышты. Кадимкидей эле өзүнүн ырым-жырымы жасалып, аны гробго жаткырышты. Анын үйлөнүү тоюна алган кымбат баалуу көйнөгүн чечишкен жок. Атүгүл кымбат баалуу кооздуктардын бардыгын (шакек, сөйкө, моюнча ж.б.у.с.) кыздын өзүнө калтырышты. Ошол боюнча гробго жаткырышты. Ырым-жырымдын бардыгы жасалып, аны калаа четиндеги көрүстөндөр жакка алып барып жайына тапшырып келдик. Баарынан да ата-энесине жаман болду, жападан жалгыз кызы болчу да. Кандай оор. Кара лента тартылган сүрөтүн карап коюп ыйлап отурушту. Анан эмне болду билесиңерби? Күтүлбөгөндөй окуя болуп кетти.

Түн ортосунда ал тирилип үйүнө кайтып келип жатпайбы. Көрсө, окуя мындайча болуптур, анын кымбат баалуу ар кандай кооздуктар менен көмүлүп жатканын көрүп калган уурулар түн ортосунда барып гробду казышып, денесиндеги бардык кымбат нерселерин алышып, кайра жайына жаткырып кетмек болушат. Бирөөсү көйнөктүн төшүндөгү жалтырак нерселерге көзү түшөт да жөн кетпей аны да алып кеткиси келет. Ал көйнөккө катуу жабышып бекиген болчу. Күчкө салып жулкулдатып жатканда кыздын кекиртегине тыгылган топчусу ыргып кетет да, бир аздан кийин көзүн ачып эсине келет. Кыздын кыймылдап тирилип келатканын көрүшкөн уурулар бакырып-өкүрүшө жаа бою качып жөнөшөт. Анан Лена ордунан туруп эки жагын карана көрдө жатканын билип, ошол үйлөнүү тоюндагы көйнөгү менен үйүнө кайтып келген. Кийин дарегерлер  аныкташса топчунун арасындагы кичинекей тешиктерден аба кирип туруптур да, аны таптакыр өлтүрбөй аман алып калыптыр.

Ошондон көп өтпөй эле кайтадан дуулдаган үйлөнүү той өткөрүп күйөөсү Ленаны үйүнө алып кетти. Кыскасы ушундай, ал өлүп уурулардын жардамы менен кайра тирилип жашоосун азыркыга чейин улантып келе жатат. Кудайга тобо деш керек, өлүмдөн кийин кайра өмүр бергенине. Буга таң калуунун деле кереги жок, өлүп көрдө кайра тирилген окуялар турмушубузда көп эле кездешет эмеспи.

Автор: Мырзалы уулу Ниязбек 

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости