www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеште сөздү оюнчук көргөн, пиарды жанындай сүйгөн  депутаттар толтура. Бирок, арасынан эң таланттууларынын бири Бакыт Төрөбаев өңдөнөт.

Эми ал 2020-жылдан кийин парламентке келген депутаттардын иштөө мөөнөтүн кыскартыш керек – деп өзүнө упай топтогусу келди окшойт сыягы. Анын баамында алдыңкы эки-үч жылда эле эл жаңы шайланып келген депутаттардан тажайт имиш. Ошондуктан, кийинки парламенттин иштөө мөөнөтүн үч же төрт жылга кыскартыш керек деген ойдо экен. Эл эки-үч жылда депутаттардан тажайт дегени кызык экен. Абдан ишенимдүү окшойт өзүнө жана кесиптештерине. Эки-үч жыл силерге эл чыдагандай робот беле? Эл силерге окшогондордон шайлоого чейин эле тажайт. Бирок, уйгактай болуп кайра кантип келип аласыңар, табышмак.

Андан дагы бул агабыз келээрки Жогорку Кеңештин курамына төрт партия  кайтат деп, айрым саясий күчтөр биригиши керек деген оюн ортого салыптыр. Айтымчы Ванга чаңында эле калды окшойт бул мырзанын. Жүрөк дүкүлдөп жатса керек деп ойлоп калдык.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости