www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Lexus 570 унаасынын айдоочусу катары менен беш унааны сүзүп, уктап калган. Белгилүү болгондой, жол тандастын айдоочусу мас абалында болгон. Окуя Казакстандын Караганда шаарындагы турак үйлөрдүн короосунда орун алган. Дароо ал жерге жергиликтүү тургундар видео камералары менен чыгып, окуяны ордунан тартып калууга үлгүрүшкөн. Андан соң полиция кызматкерлери келип, шопурду алып чыгуунун аракетин көрүшкөн, бирок ал укук коргоо органдарынын талабына баш ийген эмес.

Маалым болгондой, жол кырсыгынан 25 жаштагы эркек жана 29 жаштагы келин жабыркап, Караганда шаарынын ооруканаларынын бирине жеткирилген.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости