www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Агартуу министри Догдургүл Кендирбаева өз ишин талаптагыдай аткара албай жатканы боюнча коомдо сын-пикир күч. Тилекке каршы, министрдин ага башы ооруй турган түрү байкалбайт.
Мына окуу куралдары жетишсиз, сапатсыз экени айтылып келет. Окуу программалары заман талабына шайкеш келбей жатканы өзүнчө чоң көйгөй. Иретке салып, билим сапатын көтөрүү боюнча майнаптуу жыйынтык жок.
Мугалимдердин болсо кадыр-баркы түшүп кетти. Окуучулар агайларды сабап жаткан көрүнүштөр орун алууда. Таалим-тарбиялык иштер солгун. Өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук күн санап өсүп жатат.
Айталы, Кыргызстанда өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукка байланыштуу былтыр 1814 учур катталганын, бул былтыркындан 11% көп (1640) экенин Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов 2-мартта Жогорку Кеңеште жар салды.
Министр Кендирбаеванын сунуш, демилге, реформасынын кабары билинбейт. Он эки жылдык окуусу аш ити кара буламык болуп, боткосу чыгып турат. Айтор, билим берүү тармагы такыр кыйрамай болду. Бул айым минтип министр болгонуна корстон болуп отура берсе, аталган тармак такыр сызга отурат. Аны эске алгандар али көрүнбөйт.