www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Жаңы шайланганда кайсы президент болбосун элге жакын, жөнөкөй болуп көрүнгүсү келет”, - деди, бүгүн, 24-январда NazarNews.kg маалымат агенттигине Кеңешбек Дүйшөбаев. 

-Кеңешбек мырза, президент Садыр Жапаров стереотиптерди жана шаблондорду өзгөртүп, ашыкча чыгымдан баш тарта баштады. Каражатты үнөмдөйм деп атып, сырттан карагандарга  бечара, мамлекет болуп көрүнүп, инагурация жупуну өтүп калбайбы?

-Шайланган президент стереотиптерди жана шаблондорду өзгөртүп жатат деп ойлобойм. Жаңы шайланганда кайсы президент болбосун элге жакын, жөнөкөй болуп көрүнгүсү келет. Эгер унутпасаңар, Сооронбай Жээнбеков дагы ишине киришкенде жолдорду тостурбай, жөнөкөй жарандар менен рейстик учактарга түшүп жүрбөдү беле. Баланын төрөлгөнүнө эле кубанбай, ал бутуна туруп, эл керегине жараганына  сүйүнөлү.

-Инагурацияда аз чыгым болобуз, каражатты үнөмдөп банкеттен баш тартабыз деп отуруп, жыйынтыгында эл аралык нормаларга жооп бербеген салтанат өтүп калбайбы?

-Биздин мамлекет жарды, бечара экенин биз өзүбүз моюнга алып, элдин ырыскысы болгон жаратылыш, тоо-кен, суу-мөңгү байлыктарыбызды башкаларга ит бекер берип, Президент, Премьер-министрлерибиз баштап көрүнгөндөн жардам сурап жүргөнүбүз чын эмеспи!? Кеп инагурацияга кеткен аз же көп каражатта эмес, ал кендирибизди кеспейт. Кеп колубуздагы жана чет жактан келген каражаттарды канчалык орду менен, экономиканын, элдин жашоо турмушун ондоого сарпталып жатканында.

--Рахмат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости