www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Терек-Сайдагы алтын комбинаттан чыккан суу дарыяга кошулуп кеткен

Тийиштүү адистер Чаткал районунун Терек-Сай аймагындагы дарыя суусунун сапатын текшерип жатышат, жыйынтыгын бүгүн, 24-январда жарыялашат. Бул тууралуу райондун акими Жуманалы Накетаев билдирген. 

Анын айтымында, 23-январда алтын кенин иштетүүчү «Эти Бакыр Терек-Сай» фабрикасына тиешелүү саркынды суу сакталуучу жай ачылып кетип, сайга кошулган:

--«Эти Бакыр Терек-Сай» иштеткен эски фабрикада саркынды сакталуучу жай бар эле, ошол ачылып кетиптир. Эски көмүр калдыктары, кум кошулган. Кандайдыр бир химикаттар болушу мүмкүн дегендер да бар. Биз калдык түшкөн жердин төмөнкү жагындагы айылдын элине дарыянын суусун ичпей турууну эскерттик. Тийиштүү адистер сууну текшерип, жыйынтыгын эртең, 24-январда айтат".

23-январда интернеттеги соцтармактарда "Алтын комбинатынан чыкан сууда цианид бар, сайга кошулуп жатат, айылдагылар суу ичпегиле" деп айтылган видео тараган.

Чаткалдын Терек-Сай айылындагы «Эти Бакыр Терек-Сай» биргелешкен ишканасынын капиталынын 75% Түркиянын «Эти Бакыр» компаниясына, 25% Кыргызстандын «Кыргызалтын» ачык акционердик коомуна тиешелүү.

Компания кенге 2016-жылдан тартып 100 миллион долларлык инвестиция салган. Буга катар социалдык-экономикалык колдоо жаатындагы келишимге ылайык, Терек-Сай айылына 50 миллион сомдон ашуун каражат бөлүнгөн.

Өкмөттүн маалыматына караганда, «Эти Бакыр Терек-Сай» ишканасында 646 адам иштейт, алардын 90% жергиликтүү тургундар.

Ишкананын өндүрүш кубаттуулугу жылына 1 миллион тонна кенди иштеп чыгууга мүмкүндүк берет. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости