www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Американын Мичиган штатынан Mega Millions лотереясынын билетин сатып алган жаран бир миллиард долларлык джекпот утуп алды. Бул тууралуу оюндун уюштуруучулары билдиргенин РИА новости жазып чыкты. 

--"Бир миллиард долларлык номиналдагы джекпот (739,6 миллион накталай акча) Мичигандагы бактылуу билеттин ээсине берилет. Бул 22-январда ойнотулган оюнда алты номер дал келген жападан жалгыз билет болду", — деп жазылат лотереянын сайтында.

Бул Mega Millions лотереясынын 2018-жылдан берки байгелердин рекорду болду. Ага чейин Түштүк Королинанын тургуну 1,5 миллиард доллар утуп алган.

Мындан эки күн мурун Powerball америкалык лотереясынын билетин Мэрилендден сатып алган жаран 731,1 миллион доллар өлчөмүндө уткан джекпотун айрып алган. Бул Powerball тарыхындагы төртүнчү эң ири байге болуп калды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости