www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Жо Байден шайлоо жарышынан өз убагында баш тартпай, аброюна шек келтирди. Кенже Роберт Кеннеди CBS телеканалына берген интервьюсунда ушундай пикирин айтты.Бул тууралуу "Рамблер" жазып чыкты.
Алып баруучунун америкалыктарга кайрылуусунда Байден шайлоо жарышынан баш тартуу чечимине адекваттуу түшүндүрмө бердиби деген суроосуна Кеннеди кенже терс жооп берди. Анын айтымында, Ак үйдүн башчысынын кайрылуусу негизинен президент катары «жетишкендиктери жөнүндө билдирүү» болгон.

Байден президенттик жарыштан баш тартты

«Менин оюмча, ал бийликтен баш тартуу менен акыркы бир жылда өзүнүн репутациясын жана карьерасын булгады», - деди Кеннеди кенже.
25-июлда Жо Байден мекендештерине кайрылуу жасады. Ал шайлоо өнөктүгүнөн баш тартканын демократияны сактап калуу менен түшүндүрүп, Камала Харристи колдоого чакырып, президенттик мөөнөтүнүн калган мезгилинде Орусияга каршы туруу үчүн НАТО өлкөлөрүнүн коалициясын бириктирүүнү уланта турганын айтты.

Дональд Трамп буга чейин президенттин сөзүн өтө жаман жана түшүнүксүз деп атаган, ал эми "алдамчы Байден" менен "калпчы Харристин" өзүн "Америка үчүн чоң уят" деп атаган.

Буга чейин АКШнын кийинки президентин Кеннеди кенже атаган.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости