www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
– Кенжебек мырза, ЖКнын жыйындарында аймактарды көтөрүү тууралуу бир катар мыйзамдарды көтөрүп келесиз. Ушул тапта аймактагы бийликти ирилештирүү боюнча маселе айтылып жатат. Сиз муну көптөн бери эле айтып келесиз. Мунун зарылдыгы канчалык болууда?
-Президенттин 2018-2019-жыдды катары менен аймактарды өнүктүрүү жылы деп, бир эмес эки указын чыгарды. Мына ушунун негизинде өкмөттүк эки жумушчу топ түзүлгөн. Биринчиси, аймактарды өнүктүрүү боюнча, экинчиси административдик аймактык реформаны жүргүзүүгө жол картаны иштеп чыгуу боюнча. Иштер алдыга жылбай, айтылган жеринде эле турганын баарыбыз эле көрүп жатабыз. Жакында эле вице-премьер Кубатбек Бороновдун катылуусундагы комитет жыйынында мен “административдик реформалар качан башталат, башталса кандай формада өтөт?” – деп маселени кабыргасынан кайрадан койдум. Бүгүнкү күндө ынанымдуу айтылган таза жооп жок. Облустар жоюлабы, райондор иридештиреби, айыл өкмөттөр биригеби, эч кандай алдыга койгон пландар байкалбай, болгону эле жол карта эле түзүлдү деп жатат. Эгер жол карта эле болсо, анда – бул 2023-жылга чейин созулуп кеткен аймактык реформа болуп жатат. Өкмөт чындап аймактык реформаларды кылабыз деген жакшы ою болсо, анда 2019-жылдын аягына чейин мыйзам чегинде бул маселе чечилип бүтүшү керек. Баамымда, өкмөт айтып койгону менен “2023-жылга чейин жасайбыз”деп, бул иштердин өтөөсүнө чыгууну тездетүүгө өздөрүнүн ишеничи болбой калды. Бул реформаны тез арада эффективдүү жүргүзүш керек эле.
-Анын тез арада ишке ашышынан кандай артыкчылыктарды күтүүгө болот?
-Ал эффективдүү башкарууга алып келет. Бүгүнкү күңдө өлкө боюнча 40 район бар, аларды ирилештирсе 20-25 район кала турган болсо, ошолорду облустук башкаруусу жок эле, түз өкмөт менен иштетиш керек. Менин оюмча, облустук ГКНБ, ОИИБ, статистика, прокуратура, военкомат дегендер менен кошо облустук администрация жоюлушу керек. Мына ошондо биз эффективдүү башкаруунун жолуна түшөбүз. Эстен чыгарбашыбыз керек, бизде болгону 6 млн. эл жашайт. Биз Россия сыяктуу 100-150 миллион калкы бар мамлекет эмеспиз да. Бизде кайсыл бир башкаруу деңгээлин кыскартууга барышыбыз керек. Тилекке каршы, бул иштер боюнча жакынкы араларды чечкиндүү кадамдарга барат деп айта албайм. Себеби, өкмөттүк курам өзү муну ишке ашырууда ич жылыта турган иштерди баштай албай жатат.
-Коомчулукта бул реформалардын башталбай жатышын саясий вектор менен карап, “шайлоолор үчүн керек болгон административдик “күчтү” жок кылууну булар деле каалабай жатышат” деп божомолдошууда: Буга эмне дейт элеңиз?
-Бул илгертен бери эле келе жаткан бийликтин айтып бирок, аткарбаган “ооруусу” болуп келе жатканын көп учурларда байкап эле жатабыз. 2008-жылда деле айтылып, анда деле “мына шайлоо өтсүн анан кылабыз” дешкен. 2012-жылы өкмөт концепциясын бекиткен, анын негизинде райондук кеңештерди жойгонбуз, анын негизинде облустук деңгээл жоюлушу керек эле, анан “2015-жылкы шайлоо өтсүн” – деп атып, 2017-жылдагы шайлоого кирип кеттик, “ал өтсүн” деп, айтор улам чоюлуп эле келе жатат. Жетекчилер көп болгон башкаруу системасында, шайлоолорду админисгративдик жолдор менен утуу оңойго турат. Узарып кетишинин бирден бир себеби да ошол болсо керек. Бүгүн өкмөтгө, чечкиндүүлүк, саясий эрк болбой жатат. Саясий жагын карай турган болсок, коомчулук туура баамдагандай шайлоолор үчүн ыңгайлуу ыкма болуп кала берет.
-Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып сурап калайынчы. Агрардык комитеттеги жыйында айыл чарба министрлигин “эл чириген министрлик деп жатышат” деп сындаганыңыз коомдо катуу талкууну жаратууда.
– Өзүңүздөргө белгилүү болгондой буга чейин айыл чарба министрлигинин айланасында картошка маселеси боюнча бир катар катуу сындар айтылып келген. Азыр деле күчүндө. Аны мен эмес, элдер өздөрү деле айтып жатканын эч ким тана албайт. Биз эл өкүлү болгондон кийин, элдин талаптарын айтууга милдеттүүбүз. Мен ал жерде деле элге таянып айтып жатам. Себеби, жакында эле Ысык-Көл облусунун бир катар айылдарында эл менен жеринде жолугушууларды өткөрүп келгем. Ал жактагы жашоочулардын башкы маселеси картошканын баасынын кескин төмөн түшүп кетишинде экен. Алар өкмөттүн Өзбексган менен болгон сүйлөшүүлөрүнө ишенип, “баа жогорулайт” деп күтүп олтура беришип, алды жер төлөдө чирий баштаганын белгилешүүдө. Мен комитетте элдин ошол талабын министрге айттым. Бирок, министрибиз буга макул эмес болуп, андай фактылар болгон эместигин айткан менен ошол жыйынында Ысык-Көлдөн чыккан депутат Абылкайыр Узакбаев дагы өзүнүн мисалын келтирип, ал дагы эл менен жолукканда, эл ушул маселени айтып жаткандыгын баса белгилеп, айрымдар ага 9 тонна картошканы сорттогондо 4 тоннасы чирик болуп чыкканын айтышканын мисал келтирди. Ар бир сынды ар бирибиз туура кабыл алышыбыз керек. Бул сындар биздин өлкөнүн жакшылыгы үчүн. Андан туура чечимдерди чыгаруу, жолдорду табуу менимче, өкмөткө, министрликке деле эртең жакшы гана жактарды алып келет. Күтө туралы, министрибиз апрелге чейин убакыт бар, сатып беребиз деп жатат.
-Ошондой болооруна ишенсек болобу?
-Эми айтуу албетте кыйын болот. Араванда ушул тапта эрте быша турган картошкалар айдалып себиле баштады. Ал эми Өзбекстандан андан да эрте бышчу картошкалар, жашылчалар жакынкы убакта кирип келе баштайт. Биз чек араны ачканда, жашылча жемиштер жалаң алардан бизге кирип, биздин дыйкандар продукциясын сатаарда, бааны ылдыйлатып салып жатат. Бул бизге чоң жоготууну алып келүүдө. Министрлик ушул тапта картошкага баанын 1 сомдун тегерегинде жогорулаганын айтууда. Ар бир жазда өзүбүздүн ички талаптар менен деле баалардын жогорулоосу байкалаарын билебиз. Товардын көптүгү дайыма бааны түшүрөт. Жазга сакталган картошканын саны аз эле болот. Көбү күздө сатып жиберет. Ал бат эле түгөнүп, базарда баанын жогорулоосун шарттайт . Элестетип көргүлө, 9 тонна картошканын ушул кезде 4 тоннасы жараксыз абалга айланса, ошончо убакытты уттурушса, анан 1-2 сом айрыма менен көтөрүү дыйкандарга пайда алып келеби? Эгер күзүндөгү баага, үстөк 1-2 сом кошууга министрлик себепчи болсо, бул такыр башка маселе болоор эле. Экинчиси, баа дей бергенибиз менен жоготууга кеткен түшүм, дыйкандын кирешесин азайтып, болгону чыгашаны эле жаап калып жатпайбы. Ал жагындагы утуштарды унутпоо шарт. Бул шарттарда Өзбекстан менен эки тараптуу макулдашуулар болуш керек болчу. Андай макулдашуулардын болгон эместиги да айкын болууда.
-Сууну коңшуларга сатуу маселесин көтөрүп жаткан демилгеңиз, мына ушундай шарттардан улам да пайда болуп жаткан жокпу?
– Мен бул маселени үч жылдан бери көтөрүп келе жатам. Баардык эле мамлекет өзүнүн болгон продукциясын сатуу менен казынанын толуктап, ошону менен жан багат. Суу – бул алтындан артык продукция. Адилетсиздик кадам, бүгүн өзүбүздүн дыйкандарга сууну 10 тыйындын тегерегинде сатабыз. Анан өзүбүздүн дыйкандарга сатып жаткан ошол эле сууну бир жыл бою чогултуп отуруп кошуналарга эмне үчүн бекер беришибиз керек? Сууну чогултуп, сактоого деле мамлекеттин эсебинен миллиондогон акчалар сарпталат.
Мисалы, Киров суу сактагычындагы 550 миллион куб сууну бир жылда чогултабыз. Ошол суу сактагычтын алдында 2 миң гектар жер жатат, ал эң баалуу, айдоо жерлер болчу. Ошончо жерди өздөштүрбөй зыян тартып жатпайбызбы! Сакталган суунун 88 пайызын Казакстанга бекер беребиз, Орто-Токой суу сакгагычынын 92 пайызын Өзбекстанга бекер беребиз.
“Бекер берип жаткандан кийин анча сууну топтоонун Кыргызстанга кандай зарылчылыгы бар?” деген суроону дайыма коём. Менин максатым – суу товар болушу керек. Мен парламенттин трибунасынан Айыл чарба министрлигине “биз сууну беш жылдан кийин сата баштайбыз” деп кошуналарга айтып койгулачы” деп какшап айтып жатам, аларды айттыра албайм.
Менин жеке оюм: биз алардан газ, мунай, көмүрдү кандай сатып алсак, биз да аларга сууну ошондой сатышыбыз керек. Биринчи кезекте “суу сактагычтарды кармоого кетип жаткан чыгымдардын баары төлөгүлө” деш керек. Албетте, жөн эле агып жаткан сууну саткыла деген жокмун.
Азамат Болушев
Булак: "Факты.kg"