www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мыйзамдар аткарылбай жатат. Жогорку Кеӊештин депутаттары мыйзам чыгаруу үчүн эле келген эмес, анын кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл кылуу милдети да бар. Ошондуктан, жалаӊ мыйзам долбоорлорун карап отура бербей, ар жыйын сайын жок дегенде бирден мыйзамдын аткарылышын карашыбыз керек. Бул тууралуу депутат Кенжебек Бокоев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди. Бул тууралуу маалыматты ЖК басма сөз кызматы билдирди. 

«Мыйзамдардын кандай абалда экенине өткөн жыйында күбө болдук. Анысы аз келгенсип, ошол мыйзамдар да өз деӊгээлинде аткарылбай жатпайбы. Электр энергиясы, жергиликтүү бийликке убактылуу ыйгарылып берилген иш-милдеттер сыяктуу мыйзамдардын аткарылышы боюнча парламенттик угуулар өткөн, алар парламентте талкууланышы керек болчу, эмдигиче карала элек», - деди эл өкүлү.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости