www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Керээз Зарлыкова: “Театрдын өзөгү - драматургия...”

Театр - жашоо күзгүсү

Кесипкөйлүктүн өтөсүнө чыгыш үчүн өжөрлүк менен чыдамкайлык болмоюн  ийгиликти багындыруу кыйынга турат окшобойбу. Дал ушул эки сапат бул каарманымдын чыгармачылык жолунда керектүү курал болуп берди. Ал эми ийгилик жаратпаган драматург бара-бара кесипкөйлүгүн жоготот. Мына ошол кесипти кармап калууда өжөрлүктүн таасири менен талант такшалат бейм.

- Түн канчалык караңгы болсо жылдыздар да ошончолук жаркырайт экен...Театр чөйрөсүндө жаркыраган жылдыздар деп кимдерди атай аласыз?

- Түн, күн баягыдай эле. Жер өз огунда айлануусун улантууда. Ар бир замандын өзүнүн жаркыраган жылдызы болот. Ар бир театр таланттардан кур эмес. Кээде чоң таланттар, театр жылдыздары, биздин залкар корифейлер менен бүткөн, азыр андай таланттар чыга элек дегенге мен макул эмесмин. Жаркыраган театр жылдыздары менен бирге иштешип аралашып жүрөбүз.

Жылдыздар театрда эле эмес, ар бир коюлган спектаклден көрүүчү өзүнүн жылдызын-таланттуу актёрун таап алат. Ошого ыраазы болот. Ошол актёр жараткан образдан жүрөгүнө жылуулук, өмүрүнө азык алат.

Спектаклде ойногон актёр улуу муун өкүлүдүр же жаш актёр... мүмкүн орто муун... Кандай болгон күндө да ал актёр көрүүчүгө өзүнүн талант, шык-жөндөмү менен театр жылдызы болуп эсинде калды.

- Драманын улуулугу драматургдун жүзү! Ушул ойго кошуласызбы?

- Драматургдун жазган драмасы сөз жок аны жүзү. "Театр - жашоонун күзгүсү" демекчи, жашоону күзгү аркылуу көрүүгө туура чагылдырып беришибиз керек. Драматургдун жазган драмасынан анын деңгээли, жашоого болгон көз карашы, талант дарамети байкалат.

- Айрыкча, бизде бир драматург бир теманы баштап калса, калганы дагы ошол эле темада жаза беришкени драматург катары сизди ирээнжитпейби...

- Драматург бир драматургдун жазганын кайталаса же идеяларын уурдап алса ал абийирсиздик деп ойлойм.  Мындай окуялар менде деле болгон. Бирөөнү уурдаган адам өзүндө эч нерсе жок же чабал драматург.

Андайдан кыйраткан деле эч нерсе чыкпайт. Арышы кыска.  Эгер чындап чыгармаңды коргогуң келсе патент ал. Тигини мыйзам аркылуу далилде. Чынында начар иш дечи, бирок мен мындайга көп деле убактымды бөлүп, жүрөгүмдү оорутпайм. Уурунун арты кууш.

- Буга чейин театрда драмаларыңыз коюлуп келген, ал эми кино жаатында жакында эле “Делбирим” тасмасынын сценаристи катары тааныдык. Экөөнүн айырмасы кандай экен?

- Оо, экөө тең укмуштуудай кызыктуу жанр. "Делбиримге” чейин, "Көпөлөк", "Кокуй кошуна" аттуу толук метраждуу көркөм тасмаларым чоң экранга чыгып мени киносценарист катары элге таанытты.

Улам бир тепкичке жогорулап баратканым, талыкпаган, тажабаган изденүүлөрүмдүн үзүрү. Чыгармачылыкка баш-отум менен кирип кеткенимдин натыйжасы деп билем. Кино тармагы театрдан дагы алда канча оор экенин сездим, ары кызыктуу экенин туйдум.

Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун "Делбирим" повестинин сценарийин жаңыртып, заманбап кылып жазып жаңы замандын адамдарынын табитине ылайыктап өзбектер менен биргеликте тасманы чыгардык. Чыккан тасмаң учкан куш сыяктуу, сага ээ-жаа бербей, куйругун карматпай кетет экен. "Делбирим", "Көпөлөк" менен көп чет өлкөлөрдө дагы болдук. Ал эми театр андай эмес. Репертуардан түшпөй коюлса да бир учур келет же режиссёруң жок же актёруң жок. Же театрда жетекчи алмашкан. Ага жагасыңбы, жакпайсыңбы?.. Кандай болсо да драматургия, кино экөө тең менин жүрөгүмдүн тереңинен орун алган, аздектеген балам сыяктуу.

"Кийинки учурда кино менен кетип, театрга драма бербей калдың" деп эскерткендер бар. Ал туура. Көңүлүмдө, оюмда бышып жетилген толук бүтө элек драмаларым бар. Ошол эмгектеримди элиме тартууласам, элдин ыраазы болуп кол чаап турганын көрсөм деген ак тилегим көңүлүмдө жашап келет. Театр сүйгөн элим тынч болуп, ошол бактылуу күндөрдү Алла Таала насип кылсын.

Динара Асылбекова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости