www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Керемет банк» ачык акционердик коому Улуу Британиянын санкциясына кирди. Бул тууралуу Улуу Британия өкмөтүнүн 24-февралында жарыяланган санкциялык тизмесинде айтылат.
Банк тизмедеги «чет өлкөлүк финансы институттары» (Россияга карата) категориясына кирген жалгыз компания болду. Улуу Британиянын бийлиги жалпысынан Орусиядагы 60тан ашуун жеке жактарды жана компанияларды, ошондой эле ондогон деңиз кемелерин тизмеге киргизген.
Буга чейин 2025-жылдын 15-январында АКШнын Каржы министрлиги да «Керемет банкка» санкция салган.
Америкалык ведомство бул чара Орусиянын америкалык санкцияларды айланып өтүү аракеттерине каршы багытталганын билдирген.
Америкалык ведомство бул чара Орусиянын америкалык санкцияларды айланып өтүү аракеттерине каршы багытталганын билдирген.
Банкка карата санкция киргизүүнүн себеби катары "Керемет Банктын" кызмат адамдарынын россиялык кызмат адамдары жана "Промсвязьбанк" менен кеминде 2024-жылдын жай айларынан бери координация иштерин жүргүзгөнү айтылды.
АКШнын Каржы министрлиги 2024-жылы "Керемет банктын" контролдук пакетин сатып алган чет өлкөлүк фирма россиялык бизнесмен менен байланышта болгон деп эсептейт.