www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Керим Турапов ээлеген кызматынан бошотулду

Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук академиялык опера жана балет театрынын жетекчиси Керим Турапов өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Буга чейин, Керим Турапов өнөрпоздордун иштеши же жумуштан кетүүсү өз эрки экенин билдирген.

Кыргызстандык артисттер буга чейин былтыр март айында билети кымбат коммерциялык спектаклдерден алар эч кандай акча албай турганын, бекер иштеп келатканын айтып, нааразылык билдиришкен. Маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн. 2021-жылы 6-мартта театрда “Ак куу көлү” спектаклин коёр алдында чыр чыгып, ага гонорар маселеси себеп болгону айтылган. Билеттердин баары сатылып, спектакль башталар алдында артисттер сахнага чыкпай коюшкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости