www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индиянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын премьер-министрлери 27-январда онлайн саммит өткөрүп, кызматташуунун жаңы багыттарын талкуулашты.

“Индиянын ынак жана туруктуу коңшулук түшүнүгүндө Борбор Азия башкы орунда турат”, - деди Индиянын премьер-министри Нарендра Моди саммитте.

“Саммитте Индия – Борбор Азия мамлекеттеринин аткаминерлери соода, байланыш, коргонуу жана коопсуздук боюнча карым-катышты кеңейтүү темаларын кеп кылышты”, - деп айтылат Индиянын Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта. Анда жыйындын катышуучулары “Ооганстандын инклюзивдүү өкмөтүнө коопсуз, тынч жана туруктуу кырдаал жаратуусуна чечкиндүү жардам кылуу” макулдашылганы айтылат.

“Талибдер былтыр августта бийликке келгенден бери гуманитардык кризис курчуп кеткен Ооганстандагы окуяларга баарыбыз камтама болуп жатабыз. Ушул өңүттөн алганда чөлкөмдөгү коопсуздук жана туруктуулук үчүн биздин өз ара кызматташуубуз абдан маанилүү болуп турат”, - деген Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин сөзү.

Бул саммит Кытайдын лидери Си Цзинпин Борбор Азия мамлекеттеринин президенттери менен саммит өткөргөндөн эки күндөн кийин болуп жатат. Анда Цзинпин алдыңкы үч жылда Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн экономикасын жана коопсуздугун бекемдөө үчүн 500 миллион доллар бөлүп берүүнү убада кылган.

Бир катар басылмаларда бул жагдай мурдатан Орусиянын таасиринде келген чөлкөмдө Нью-Дели менен Бээжин да өз кызыкчылыктарын жайылтууга болгон аракети катары сыпатталууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости