www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажик бийлигинин провокацияга барган кадамдарынын негизги себептери жеке пикиримде төмөндөгү факторлор.

1. Тажикстан жакынкы мамлекеттер арасында изоляцияда калды. Географиялык жайгашкан шартына ылайык Афганистандагы кырдаал, Кыргызстан менен болгон мамилеси Тажик бийлигин тупикке такады. Кымбатчылык, айыл чарба продукциясынын экспортунун кан буугандай токтошу элдин кыжырын кайнатып жатат. Бүгүнкү күндө Тажикстанда бир литр бензин 70-75 сом, ал эми аймактарында 80 сомго чейин чыкты. Ун, өсүмдүк майы, шекер, ж.б. күнүмдүк керектелүүчү товарлардын баасы бир кыйла кымбат. Кыргызстан азырынча бир тараптуу жолду жаап алгандыктан сырткы миграциядан которулган акча гана элди азын оолак сооротуп жатат.

2. Өзбекстан менен болгон мамиле оңолуп кеткен жок. Эмомали Рахмон канчалык Шавкат Мирзиоевдин алдына төшөлбөсүн Өзбекстандын Тажикстанга болгон мамилеси өзгөргөн жок. Анткени, бул жерде тарыхый-стратегиялык талаш маселелердин тамыры терең. Самарканд, Бухара, Хива, Сох, Тул маселелерине келгенде Өзбекстандын позициясы белгилүү. Тажикстанга караганда калкынын саны, аскердик күчү жана мамлекеттин байлыгы жагынан алда канча күчтүү Өзбекстан Тажикстанды тоотпойт. Бул Каримов заманынан бери белгилүү. Ошондуктан темир жолду талкалап, көпүрөлөрдү бузуп салган. Бул маселелер да Тажикстандын баш оорусу.

3. Наркокартель. Учурунда Бириккен Тажик оппозициясынын лидери Абдулло Нуринин эң жакын адамы катары белгилүү талаа командири Искондар Шох Эмомоли Рахмон менен тил табышканы Кыргызстан менен чектеш Согдий облусунун күч органдарынын атаманы. Бүтүндөй бир область ошол кишинин кареги менен тең айланат. Ошол эле учурда Рахмондун кыздары, күйөө балдары менен бизнес өнөктөш.

Айрым маалыматтарга караганда Афганистандан өндүрүлүп чыккан апийимди Россия, Европага чейин сатуудагы наркокартелдин башында турат деген кеп бар. Демек, бул жерде миллиарддаган кызыкчылык бар. Кыргызстан чек араны жаап алгандыктан Шохтун «бизнеси» токтоду. Бул дагы чыр чатактын негизги себептеринин бири.

4. Бийлик трансформациясы. Мурдагы постсоветтик өлкөлөрдө дээрлик бийлик алмашты. Ислам Каримов, Сапармурат Ниязов табият мыйзамы менен бийлигин бошотсо, мындан эки жыл мурунку казак президенти Нурсултан Назарбаевдин күтүүсүз бийликтен кетип, ордун Токаевге бошотуп бериши Эмомоли Рахмонго катуу сокку урду. Жалгыз уулу Рустам Рахмон тажик бийлигинде баш айланткан карьера жасаса да жаштык кылып, бийликти консолидация кылганга азырынча алы жетпейт.

Мына ошондуктан Рахмон уулун стратегиялык өнөктөш мамлекет башчыларына тартынбай эле тааныштырып чыкты. Путин, Токаев, Мирзиоев менен ымала түздүргөнгө болгон аракети канчалык ишке ашат аны айтуу азырынча эрте.

Рахмондогу негизги баш оору бийликти уулунан башкага өткөрүү канчалык опурталдуу экенин Кыргызстандагы Атамбаев-Жээнбеков, Казакстандагы Назарбаев-Токаев тандеминен кийин толук билди. Ал эми Тажикстанда Рахмондорду үй-бүлөсү менен карапайым калк сүйүп турган жок.

Бүтүндөй бир мамлекеттин байлыгы жалгыз үй-бүлөгө иштеп жатканын көрүп жатышат. Ага кошул-ташыл Афганистандагы Талибдер, ички диний кырдаал жарылганы араң турат.

Мына ушундай шартта карапайым калкты алаксытуу, үчүнчү өлкөдөн жардам сурап, алардын колу менен Кыргызстанга провокация жасоо тажик бийлигинин терең ойлонулган кадамы.

Бул мисалдарды биз туура талдоо менен жыйынтык чыгарышыбыз керек жана азыркы кырдаалда бир муштумга түйүлүү максатка ылайык…

Төлөгөн Сулайманов, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости