www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пекинге Кышкы Олимпиадага бара турчу Кыргызстандын делегациясынын формалары көрсөтүлдү.

Сүрөттөр менен Улуттук олимпиада комитети бөлүштү.

Представление формы команды Кыргызстана на Олимпиаде в Пекине - Sputnik Кыргызстан

Кийимдин комплектине 14 экипировка кирди: оюндун ачылышы менен жабылышына кийиле турчу форма, машыгуу үчүн костюм, узун жана кыска куртка, жамгыр өткөрбөгөн плащ, футболка, өтүк, кроссовка, рюкзак, кол кап, топу жана байпак.

Форма Улуттук олимпиада комитетинин өнөктөшү болгон кытайлык Tectop фирмасы тарабынан бекер берилген. УОК менен Tectop 2018-жылдан бери иштешип келет. Пекиндеги Кышкы Олимпиадага кийиле турчу формага былтыр жайында эле буйрутма берилген.

Олимпиада 4-20-февраль күндөрү өтөт. Кыргызстандын атынан тоо лыжачы Максим Гордеев катышат. Гордеевден жана анын машыктыруучусу Игорь Борисовдон башка Олимпиадага аттана турган Кыргызстандын спорттук делегациясынын курамына миссиянын башчысы, Улуттук олимпиада комитетинин (УОК) кызматкери Чолпон Жумагазиева барат.

Эл аралык олимпиада комитетинин чакыруусу менен УОКтун президенти менен анын башкы катчысы Садыр Мамытов жана Кылычбек Сарбагышев да кетет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости