www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Январь окуяларын чагылдырган "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы Асылхан Мамашулы менен видео-оператору Санат Нурбеков прокуратурага чакырылды.

Асылхан Мамашулы билдиргендей, алардан тополоң учурунда тартылган видеожазууларды сурашкан. Сурак 30 мүнөткө созулган. Бул убакыт аралыгында алардын жанында адвокат Айман Умарова болгон.

Казакстандын ар кыл аймагында журналисттер январь окуялары боюнча укук коргоо органдарына чакыртылууда. 12-январда "Азаттыктын" Актөбө облусундагы кабарчысы Жанагүл Жүрсүн аймак полициясынын тергөө башкармалыгында үч саат сурак берген.

Орол шаарындагы митингди чагылдырган журналист Лукпан Ахмедьяров 7-январда "мыйзамсыз митингге катышуу" айыбы менен 10 суткага камалган.

12-январда "Кокшетау Азия" жаңылыктар сайтынын редактору Нуржан Баймулдина Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев жөнүндө соцтармактарга жазган билдирүүсү үчүн 10 суткага камалган.

Көз карандысыз журналист Махамбет Абжан "жеке жашоонун кол тийбестиги жана жеке маалыматтар, аларды коргоо жөнүндө" беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында сурак берүүдө.

Өлкөдөгү курч социалдык-саясий темаларды көтөргөн журналисттин адвокатынын айтымында, буга Абжандын орусиялык "Дождь" телеканалына нааразылыктардын себеби жана демонстранттардын талабы жөнүндө берген интервьюсу себеп болгон.

Январь окуяларын чагылдырган нур-султандык журналист дайынсыз жоголуп, эки аптадан кийин табылган. Бул убакыт аралыгында ал жашынып башка шаарда жүрүүгө аргасыз болгонун айткан.

Расмий маалыматтар боюнча январь окуялары боюнча кеминде 18 журналист суракка чакырылган. Алардын алтоо административдик камакка алынган, дагы 12си 24 саат ичинде бошотулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости