www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билим берүү жана илим министрлиги Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржылануучу “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында 10 артыкчылыктуу кесип боюнча эксперименталдык билим берүү программасын иштеп чыкты.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган кесиптер ар бир регион үчүн жүргүзүлгөн эмгек рыногун изилдөөнүн негизинде тандалып алынган. Апробациялоо пилоттук кесиптик лицейлерде жүргүзүлөт.

Иштелип чыккан эксперименталдык билим берүү программалары окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн кесиптик жана социалдык-инсандык компетенцияларын калыптандырууга багытталган. Программанын өзгөчөлүктөрүнүн бири – окутуунун кредиттик системасын колдонуу, ал кесиптик билим берүүнүн деңгээлдеринин ортосундагы билим берүү траекториясын камсыздоо үчүн шарттардын бири болуп саналат. Башкача айтканда, аткарылган иштин башкы милдети болуп билим берүү программасын өлчөөнүн бирдиктүү бирдигине келтирүү саналат жана лицейдин бүтүрүүчүсү орто жана жогорку кесиптик окуу жайга тапшырган учурда анын окуусунун натыйжасын таанууга мүмкүндүк берет.

Апробациялоонун жыйынтыгы боюнча кесиптик лицейлерде кредиттик окутуу системасын андан ары колдонуу каралат.

Баштапкы кесиптик билим берүүнүн пилоттук кесиптеринин тизмеси

Пилоттук кесиптер

1

Электр жабдууларын оңдоо боюнча слесарь-электрик

2

Ветеринардык дарылоо иштери боюнча оператор

3

Электр жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча электромонтер

4

Автомеханик

5

Курулушта жасалгалоо иштеринин мастери

6

Слесарь сантехник

7

Жыгач устачылык эмерек өндүрүшүнүн мастери

8

Автотранспорттук каражаттарды оңдоо боюнча слесарь

9

Ачык тоо-кен иштеринин машинисти

10

Тикмечи

Булак: NazarNews.kg

Последние новости