www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров IV Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө жарлыкка кол койду.
Кезектеги IV Элдик курултай 2025-жылдын 22-декабрында Бишкек шаарында өткөрүлөт.
Жарлык Кыргызстандагы Элдик бийликтин негиздерин бекемдөө, жарандык коомду консолидациялоо жана өлкөнү туруктуу өнүктүрүү максатында кабыл алынган.
Курултайга жалпысынан 700 делегат катышат. Делегаттарды шайлоо, курултайды өткөрүү жана координациялоо үчүн уюштуруу комитети түзүлдү.
Делегаттарды шайлоо тартиби Улуттук кеңеш тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген жобонун негизинде аныкталат.
Делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү ишине КР президентинин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Тышкы иштер министрлиги, Эмгек министрлиги жана башка тиешелүү мамлекеттик органдар, ошондой эле Кыргызстан элинин ассамблеясы катышат.
Ички иштер министрлиги делегаттарды шайлоо учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылат.
Жарлыктын аткарылышын контролдоо президенттин администрациясына жүктөлдү. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.