www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиялык мушкер, UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов мурдагы атаандашы Конор Макгрегор менен бирге реалити шоуга катышары тууралуу айтылгандарга жооп берди. Бул тууралуу ESPN жазып чыкты. 

Буга чейин UFC президенти Дана Уайт Хабиб долбоорго катышууга макулдук бергенин, бирок Конордун да катыша турганын билген соң кайра баш тартканын Twitter баракчасына жазган.

Мушкерлерди The Ultimate Fighter деп аталган реалитиге катыштыруу пландалган.

Анда Нурмагомедов менен Макгрегор өз командаларын жетектеп, экөө финалдык таймашта жолукмак. 

Бирок, Нурмагомедов:"Бул долбоордо Конорго көп көңүл бурулуп калат. Мен мындайды каалабайм. Мен эч качан буга макул болбойм. Беш миллиард доллар акча сунушталса да баш тартам. Жада калса UFC уюмун мага менчикке беришсе да Конор менен бирге болчу долбоорго катышууга макулдук бербейм. 2018-жылы 6-октябрда мен аны утуп, баарына чекит койгом. Менин алдымда азыр Дастин Порье, Жастин Гэтжи сымал жаңы атаандаштар турат. Дагы ким болот билбейм, бирок ал Конор Макгрегор эмес деп ойлойм", — деп айтты.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости