www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Хорватияда адам өмүрүн алган жер титирөө болду

Хорватияда эки күн катары менен жер силкинүүдө. Кеминде алты киши өлдү, 20дан ашууну жаракат алды. Өлкө аймактарында, борбор калаа Загребде да имараттар кыйрады. Жергиликтүү телеканалдарда урандылардын астында калган кишилерди алып чыгып жаткан учур тартылган кадрлар көрсөтүлдү.

Европадагы жер ортолук деңиз сейсмикалык борбору 6,3 баллдык жер титирөө Загребден түштүк-чыгышты көздөй 46 чакырым алыстыкта катталганын билдирди. Ошол эле маалда Немис изилдөө борбору 6,4 баллдык жер силкинүү 10 чакырымдык тереңдикте болгонун кабарлады.

Силкинүү Хорватиянын бардык аймактарында, ошону менен бирге коңшулаш Сербия, Босния жана Словенияда да байкалды.

Өлкөнүн премьер-министринин орун басары Томо Медвед Петринья шаарында 12 жаштагы кыз жана шаарга жакын жайгашкан кыштактарда дагы беш киши өлгөнүн маалымдады. Жаракат алган кишилердин арасында алтоонун абалы оор.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости