www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Интернет желесинде Жогорку Кеңештин жыйынында «Хуйман» деп шылдың болгон депутат Өмүрбек Бакировдун мурда соттолгондугун көрсөткөн маалымат таркап жатканын жергиликтүү маалымат каражаттары жазышууда. 

Баракчада Оштун мурдагы мэри Айтмамат Кадыбаев, Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаковдор менен биргеликте ИИМ тарабынан издөөгө алынгандыгы жазылган. Анда мезгили так көрсөтүлбөсө да, бул 2010-жылы төңкөрүш учурунда экендиги айтылып жатат. 

Себеби, буга чейин Айтмамат Кадырбаевдин төңкөрүш учурунда «Губернатордун кабинетин ээлеп алгандыгы үчүн» издөөгө алынгандыгы тууралуу ММКлар жазып чыккан болчу.

Бул ирет, маселенин чоо жайы башка. Тагыраагы, издөө баракчасына жазылган маалыматка ылайык депутат Өмүрбек Бакиров 353- берененин 2 пунктту менен мурда соттолгон деп жазылат.

353-берене. Жазык-аткаруу тутумунун кызматкеринин талаптарына тобу менен баш ийбөө

1. Жазык-аткаруу тутумунун кызматкеринин мыйзамдуу талаптарына топтолуп баш ийбөөнү уюштуруу, же болбосо өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен коштолгон мыйзамсыз аракеттерди жасоого мажбурлоо, ошого тете мындай тобу менен баш ийбөөнү же болбосо мажбурлоону уюштуруу, —

II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор зыян келтирген ошол эле жосундар, —

III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

"Маселенин чоо-жайын билүү үчүң ИИМдин маалымат кызматына кайрылганда, алар бул маалымат такталып жаткандыгын айтышты. Ал эми эл өкүлүнүн өзү менен азырынча байланыша албай жатабыз. Кошумча маалымат болсо кабарлайбыз" деп жазылган маалымат булактарында. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости