www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

№214 кичи автобустун айдоочусу Азамат Рысалиев 7-июль күнү маршруттук таксиде төрөй баштады делген аялды төрөт үйүнө алып барган.

Видеону окуяга күбө болгондор тартып алышып, интернет тармагына жарыялашкан.

№1 төрөт үйү АКИpress агенттигине билдиргендей, аял кош бойлуу эмес.

«Аял кичи автобуста баратканда ичи ооруп калган. Айдоочу жүргүнчүлөр менен бирге биздин төрөт үйүнө кирип, аны таштап, андан ары кеткен», - деди төрөт үйүнүн башкы дарыгеринин орун басары Акиян Малдыбаева.

Анын айтымында, аялды УЗИден өткөрүшүп, анын боюнда жок экени аныкталган.

«Биз тез жардам кызматын чакырып, андан ары дарылоо үчүн профилине ылайык ооруканага жөнөттүк. Бардык көрсөткүчтөрү нормалдуу, ичи ооруп жатканына арызданган», - деди башкы дарыгердин орун басары.

 

Булак:  АКИpress

Последние новости