www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кичин: Бир гана жеңишти көздөп жатабыз

Кыргызстандын футбол курамасы Малайзия менен болгон беттеште жеңишти гана көздөп жатат. Бул тууралуу караманын капитаны Валерий Кичин оюн алдындагы маалымат жыйында билдирди.

Кичин буга чейин Кыргызстан Малайзия менен ойногондо жеңилип калгандыктан, күйөрмандарга жеңиш тартуулашы керектигин белгиледи.

«Биз бир гана жеңишти көздөп жатабыз. Жалал-Абадда жакшы шарттарда даярдык көрдүк. 

Буга чейин Малайзиянын курамасы менен болгон беттештеги жыйынтык бизге басым болбойт. Бирок биз күйөрмандарыбызга карыздарбыз. Өткөн оюнда алдыда келе жатып жеңишти алдырып жибергенбиз. Биз өз үйүбүздө ойноп жаткандыктан, баары бизден жеңишти гана күтүп жатат. Командабыз үчүн да жеңиш гана керек», — деди ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстан дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында D тайпасында Малайзия, Оман жана Кытайлык Тайбей командалары менен бир жайгашкан. Азыр биринчи орунда турган Кыргызстандын жана экинчи саптагы Омандын 9дан упайы бар. Бирок «ак шумкарлар» атаандаштарына киргизген голдору көбүрөөк болгондуктан, Кыргызстан тайпада алдыда турат.

Ошондой эле D тайпасында 6 упайы бар Малайзия үчүнчү жана катары менен 4 оюнунда жеңилүү ызаасын тарткан Кытайлык Тайбей акыркы орунду ээлөөдө.

Кыргызстан тандоо турунун кийинки баскычына чыгуу үчүн өз тайпасында биринчи же экинчи орунду ээлеши керек.

«Ак шумкарлар» бүгүн, 6-июнда Малайзия жана 11-июнда Оман менен ойнойт.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости