www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында Чүй проспектинин ачылышына байланыштуу Киев жана Токтогул көчөлөрүндө Ибраимов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки аралыкта бир тараптуу кыймыл уюштурулду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын МККБнын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы тарабынан бардык зарыл болгон жол белгилери орнотулду.
Бишкек шаарынын УПСМи шаар тургундарын жана борбор калаанын конокторун киргизилип жаткан өзгөрүүлөргө түшүнүү менен мамиле кылууга, жолдордо этият болууга жана Жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат.