www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мындан ары электр энергиясына тариф жыл сайын инфляцияга жараша бекитилет. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев брифингде билдирди.

Башкармалыктын жетекчиси өзгөчө кырдаал режиминен кийин тариф саясаты өзгөрбөй турганын белгиледи. Анын айтымында, тарифтик инспекция инструкцияга байланган, ал жыл сайын өзгөрүп турат. Бул электр энергиясы жыл сайын кымбаттайт дегенди билдирет.

"Инфляцияга жараша тариф жыл сайын көтөрүлөт. Жакында эле 23 тыйынга көтөрүлгөнбүз. Быйыл инфляция 13,9 болду, ушул деңгээлге жараша тарифти көтөрдүк. Ар бир товардын өзүнүн баасы болушу керек. Эгер 2010-жылы 5-10 тыйынга көтөрүлгөн болсо, тариф 1 сом 40 тыйынга кымбаттамак. Биз жыл сайын инфляциага жараша бааны көтөрүп турабыз, бул эч кимге сыр эмес. Ушул жылы 23 тыйынга, а кийинки жылы болсо канча тыйынга көтөрүлөрүн билбейбиз. Инфляцивга жараша болот, мүмкүн 12, 25, 30 тыйынга көтөрөбүз. Жыл сайын ушинтип көтөрүлүшүбүз керек”,-дейт министр.

Эске салсак, Кыргызстанда электр энергиясына болгон тариф көп жылдардан бери өзгөргөн эмес. Көтөрүлүү үстүбүздөгү жылдын май айында болгон.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости