www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

28-июлда Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Кытайдын Коммунисттик партиясынын (ККП) Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү Ли Хунчжун башында турган Кытай Эл Республикасынын партиялык-өкмөттүк делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу Кореянын Борбордук маалымат агенттиги (KГМА) билдирди.

 “Жолдош Ким Чен Ын урматтуу жолдош [Кытайдын Төрагасы] Си Цзиньпин Корея менен Кытайдын жалпы жеңишин белгилөө үчүн маанилүү иш-чараларга партиялык-өкмөттүк делегацияны жибергени үчүн бир нече жолу ыраазычылыгын билдирди. Ал биздин республикабыздын революциячыл согушунда каны менен жардам берип, биздин партиябыздын жана элибиздин адилеттүү ишин изден тайбастан колдогондугу учун Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнө, бүткүл Кытай элине чын жүрөктөн алкыш айтты”,-деп белгилейт KГМА.

Анын айтымында, жолугушуунун жүрүшүндө КЭДР менен Кытайдын эки партиясынын жана өкмөттөрүнүн позициялары ырасталды, алар эки өлкөнүн ортосундагы тыгыз стратегиялык жана тактикалык өз ара аракеттенүү аркылуу социалисттик курулушту жигердүү өнүктүрүүгө жана эл аралык оор кырдаалга активдүү жооп кайтарууга, достукту жана жолдоштук кызматташтыкты жаңы жогорку деңгээлге көтөрүү  жана өнүктүрүүгө ниеттеништи.

Белгилей кетсек, 27-июлда Пхеньянда 1950-1953-жылдардагы Корея согушундагы жеңиштин 70 жылдыгына карата майрамдык иш-чаралар жана аскердик парад өттү. Майрамдык салтанатка Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу баштаган делегация жана Кытайдан Ли Хунчжун жетектеген делегация катышты.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости