www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен өлкөлөр ортосундагы стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулады. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда Кореянын Борбордук маалымат агенттиги (KCNA) билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар стратегиялык жана тактикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн айрым маселелерин жана эки өлкөнүн улуттук коргонуу жана коопсуздук тармагындагы кызматташуусун талкуулашты.

Буга чейин, 27-июлда Түндүк Кореянын коргоо министри Кан Сун Нам Пхеньянда орусиялык аскер делегациясынын урматына болгон кабыл алууда эл аралык аскердик-саясий кырдаал Түдүк Корея менен Россия Федерациясынын армияларынан АКШнын дүйнөлүк үстөмдүк кылуу стратегиясына каршы турууну жана мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсүн жана кызматташтыгын бекемдөөнү талап кылат деп билдирген.

Белгилей кетсек, Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу баштаган орусиялык аскерий делегация 25-июлда Түндүк Кореяга барган.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости