www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ким Чен Ын Корея согушунун (1950-1953-жж.) аяктаганынын бир жылдыгына карата сүйлөгөн сөзүндө: «Мен дагы бир жолу баса белгилеймин, КЭДР АКШ менен ар кандай аскердик кагылышууга толук даяр», - деди.

Түндүк Корея лидеринин айтымында, керек болсо Пхеньян өзүнүн “өзөктүк токтотуучу күчүн” мобилизациялоого даяр. Ал кошумчалагандай, эгер Кошмо Штаттар КЭДРдин "негизги кызыкчылыктарын одоно түрдө бузуп" жана анын коопсуздугуна кол салууну уланта берсе, бул "чоң кризиске" гана алып келет, деп жазды Yonhap маалымат агенттиги.

Ким Чен Ын Түштүк Кореянын алдын ала сокку уруу концепциясына да жооп кайтарды. Анын пикиринде, мындай аракет президент Юн Сок Ёлдун режиминин жана анын армиясынын кулашына алып келет.

Ким Чен Ын: «Эгерде режим жана аскер бандиттери кандайдыр бир аскерий каражаттарды же ыкмаларды алдын ала колдонуу аркылуу биздин аскерий күчүбүздүн бир бөлүгүн зыянсыздандыруу же жок кылуу мүмкүн деп ойлошсо, жаңылышат», - деди Ким Чен Ын.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости