www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Түштүк Кореяны “эң кооптуу душман мамлекет” деп атады.

Ал бул тууралуу Корея Элдик-Демократиялык Республикасынын Жогорку элдик жыйынынын 15-чакырылышынын биринчи сессиясында программалык сөз сүйлөп жатып билдирген. Маалыматты The Korea Herald басылмасы Кореянын Борбордук телеграф агенттигине (ЦТАК) таянып таратты.

Ким Чен Ындын айтымында, Түштүк Корея расмий түрдө эң душман өлкө катары таанылды. Ал ошондой эле КЭДРге каршы ар кандай чагымчыл аракеттерге Түштүк Корея жооп ала турганын, мындай учурда Пхеньян аны ырайымсыз кун төлөөгө мажбур кыларын белгиледи.

Мындан тышкары, Ким Чен Ын Түндүк Кореянын өзөктүк куралга ээ мамлекет катары статусу эч качан өзгөрбөй турганын айтты. Ал Пхеньян душман күчтөргө каршы күрөшүү үчүн бардык аракеттерди көрөрүн убада кылды.

Последние новости