www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өлкөнүн ракеталык программасын көзөмөлдөөнү 13 жаштагы кызы Ким Жу Эге өткөрүп берди.
Чет элдик ЖМКлар жазып жаткандай, айрым генералдар буга чейин эле түздөн-түз ага отчет берип башташкан.
Түштүк Кореянын чалгын кызматынын маалыматына ылайык, жакын арада Ким Жу Э атасынын мураскери катары жарыяланышы мүмкүн. Ал Түндүк Кореянын тарыхындагы биринчи аял лидер болушу ыктымал.
Ким Чен Ын кызынын ядролук жана ракеталык сыноолорго байланыштуу иш-чараларга бир нече жолу ээрчитип барган. Чалгын өкүлдөрүнүн айтымында, аны өндүрүштү жетектөөчү ролго тартуу Ким Жу Эге өлкөнүн армиясынын түзүмүн түшүнүүгө жардам берүү максатын көздөйт.
Булак: NazarNews