www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын карындашы Ким Ё Чжон Пхеньян Түштүк Кореянын бийлиги Түндүк Кореяга коронавирустун киришине себепкер болсо, аларды жок кыларын айтты.

"Эгер душман вирустун биздин республикага киришине түрткөн коркунучтуу аракеттерди уланта берсе, биз буга вирусту жок кылуу менен гана эмес, Түштүк Кореянын бийлигин да жок кылуу менен жооп беребиз", - деп билдирген ал.

Бир күн мурун Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын коронавирустун пандемиясын "салтанаттуу жеңишке жетишкенин" жарыялаган.

Эске салсак, 2022-жылдын 16-майында Ким Чен Ын өлкөдө калк арасында коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу дарыканаларды дары-дармек менен камсыз кылуу үчүн аскер күчтөрүн мобилизациялоону жарыялаган.

Ошондой эле, Түштүк Кореянын лидери инфекциянын жайылышын алдын алуу чарасы катары тургундарга керектүү дары-дармектерди таратууну, ошондой эле инфекциянын жайылышын токтотуу үчүн бардык шаарларды убактылуу жабууну буйруган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости