www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев чек арадагы чыр чыккан аймакка кечээ күнү өлкөнүн аскерий-транспорттук АН-24 учагы менен баргандыгы күндүн бирден-бир башкы темалары болгон эле. Бирок, бүгүн ал тууралуу маалыматтан дымы дагы жок. Жада калса, кечээ жаан-чачындан кийинки козу карындай жайнаган сүрөтүн издеп атып, араң таптык. Ал учакка качантан бери Кыргызстан ээлик кылат?

Эсиңерде болсо мындан үч, төрт жыл мурун Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы келишимдин негизинде биздин өлкөгө Москвадан 2 млрд долларлык курал жарак, аскерий-техника этап-этабы менен келип, аскер бөлүктөрүнө жеткирилмек. Этап-этабы менен “Буханкадан” башка эч нерсе көрө элекпиз! Же кечээги АН-24 ошол келишимдин негизинде келген аскерий-транспортпу деп ойлоп, башыбыз маң. Ошондой болсо ал эмнеге Канттагы Россиянын авиабазасына конот?

Социалдык тармактарда Тажикстан талаш аймакка БТР, БМПлерин безилдетип айдап жатса, биз баягы эле “Буханка” менен чек араны кайтарып отурабыз. Анын фонунда жада калса фото, видеого түшкөнгө премьер өзү деле уялбайт көрүнөт. Же дал ошол Тажикстанда безилдеген БТРлер бизге келишимдик негизде келип, “дальше” ошолорго “ооп” кеткен эмеспи деген арам ой дагы келип кетет экен тобоо?

Деги, Россиядан келген күйүүчү майды аткезчилик менен ушул коңшу өлкөгө сатып атпайбызбы. Анын кесепетинен Кыргызстанда Орто Азиядагы бензинге болгон эң жогорку баа сакталып турат. Эмнеси болсо дагы аман эле бололу негизгиси, калганын Кудай өзү берет кыргызга, бирөө айтмакчы...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости