www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камакта жаткан активист Мелис Аспеков УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге арыз жазып, 2020-жылы шайлоо маалында Райымбек Матраимовдон 3 миллион доллар алып, Садыр Жапаровго алып барып бергенин жазып, ошол факт боюнча иш козгоону талап кылган. Бул маселе боюнча Камчыбек Ташиев 7-каналга комментарий берди.

«Кыргызда бир сөз бар: “Күйгөн аял кошокчу”— деген. Ал өзү кандай кылмыш иши менен камакта жатат билесиңерби? Так ошол Раим сыяктуу ири бизнесмендерден “Садыр Жапаровко алып барып берем”- деп алдамчылык кылып, бүт акчаларды өзүнө ыйгарып алып жүргөн. Ошол үчүн түрмөдө жатат. Бир эле мисал. “Кыргыз темир жолу” ишканасынын мурдакы башчысы Дашков дегенден 250 миң доллар алып кеткен, “Садыр Жапаровко шайлоого жардам беришибиз керек”- деп. Бирок, аны бир тыйынына чейин өзү ыйгарып алган. Баары далилденген. Ушунун баары билинип калгандан кийин камалып олтурат. Фото, видеолору бар. Бүгүнкү күнгө чейин кайтарып бере элек. Көгөрүп түрмөдө жатат. 250 миң долларды кайтарып берсин, анан түрмөдөн чыгышы мүмкүн. Бул мамлекеттин, “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын акчасы. Мындан башка дагы толтура бизнесмендерден 50 мин, 100 мин доллардан акча чогулткан. Алардын баары арыз жазбай коюшту. “Баштан көздөн садага. Ушул акча Мелис Аспековко эле буюрсунчу”— деп коюшту.

Ушундай каралоолор чыкканда эл-журт логика дегенди иштетиш керек. Раим Матраимов миллиондогон долларларды киши куруп калгансып, Мелис аркылуу берет беле? Бергиси келсе Садыр Жапаровдун өзүнө же бир туугандары аркылуу берет эле да. Эгер чындап эле Раим 3 миллион доллар Мелиске бергени чын болсо — анда аны да өзүнө катып алган деп билсек болот. Бирок бул маселе боюнча Раимге суроо берилген. Раим “Мелисти тааныбайм, берген эмесмин, калп айтып жатат”— деп жооп берген. Биз мындай суу кечпеген каралоолорго көңүл бурбайбыз», — деген Ташиев.

Последние новости