www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Хабаровск шаарынын тургуну мас абалында аялына бензин куюп өрттөп жиберген. Бул тууралуу Хабаровск аймагынын прокуратурасы билдирет.

Маалыматка ылайык, жабырлануучу күйүктөн ооруканада каза болгон.

Тергөөнүн версиясы боюнча, окуя Хабаровск районунун Черная-Речка айылына жакын жердеги «Озерки» дачасында болгон.

«Айыпталуучу мас абалында аялы менен уруша кетип, ага бензин чачып, өрттөп жиберген.Бир нече күндөн кийин 44 жаштагы аял алган жаракатынан улам медициналык мекемеде каза болгон. Хабаровск аймагынын 41 жаштагы тургунуна карата козголгон кылмыш иши боюнча айыптоо корутундусун бекитти.Ал Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин 2-бөлүгүнүн «д» пункту (өтө мыкаачылык менен киши өлтүрүү) боюнча айыпталууда», - деп айтылат маалыматта. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости