www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Көк-Арт дарыясынын жээгин бойлой Бишкек – Ош жолу менен Манас – Благовещенка жолун бириктирген жаңы жол курулууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Жолдун узундугу 9 км, туурасы 8 метрди түзөт. Долбоордо тротуар, аялдамалар жана жарыктандыруу каралган. Азыркы тапта курулуштун алгачкы этабы жер жумуштары жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, жол Манас шаарына кирүүчү негизги жолдордогу унаа тыгындарынын алдын алуу жана айдоочуларга ыңгайлуу шарт түзүү максатында курулууда.