www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көк бөрү боюнча президенттин кубогу Ош облусунда өтөт

Быйыл көк бөрү боюнча президенттин кубогу Ош облусунда өтөт. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйында Көк бөрү федерациясынын президенти Талас Бегалиев билдирди.

Анын айтымында, ага канча команда катышары азырынча белгисиз.

«Ысык-Көлдө көк бөрү боюнча клубдар аралык Дүйнө кубогу 20-августта аяктайт. Андан кийин командалар оюнчулардын жана аттардын абалына жараша чечим чыгарышат. Ошто өтө турган президенттин кубогу 24-августта башталат, ал эми финалдык беттеш 31-августта өтөт», — деди ал.

Эскерте кетсек, көк бөрү боюнча клубдар аралык Дүйнө кубогу 13-августтан 20-августка чейин Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Монголия, Венгрия, Россия, Түркия жана АКШдан клубдар катышат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости