www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көк бөрү оюну боюнча бешинчи күндүн жыйынтыгы

Бишкек шаарынын Аккула ат майданында Нооруз майрамына арналган ат оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча мелдешинин бешинчи күнү жыйынтыкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, оюн талаасында жогорку, биринчи жана экинчи лиганын курама командалары беттешти.

Бешинчи күндүн жыйынтыгы:

«Кетмен-Төбө» жана «Ак-Суу»  командалары 4:1;

«Кара-Балта» жана «Талас шаары» 3:2;

«Ынтымак» жана «Мурас» 8:4;

«Көк-Жал» жана «Сокулук» 8:4;

«Жаштык» жана «Жети-аке» 5:0 ;

«Намыс» жана «Ысык-Ата» 6:1.

Белгилей кетсек, мелдешке республиканын баардык аймактарынан келген 37 команда күч сынашууда. Финалдык беттештер 21-март күнү өтөт.

Последние новости