www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Октябрь Урмамбетов өзбекстандык кесиптеши менен жолугушту

16-18-мартта Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында Өзбекстан Республикасынын Президентине караштуу Коопсуздук Кеңешинин Аппараты менен Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын ортосунда өз ара консультациялардын экинчи жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу  ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.

Жумушчу сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов Өзбекстан Республикасынын Ички иштер министрлигинин жетекчилиги менен жолугушту. 

Өзбекстандын Ички иштер министрлигинде Октябрь Урмамбетовдун Өзбекстан Республикасынын Ички иштер министри генерал - лейтенант Пулат Бобожонов менен жолугушуусу болуп, анын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды. 

Ошондой эле, Октябрь Урмамбетов Өзбекстан Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары полковник Шавкат Рахмонов, министрдин орун басары генерал-майор Бекмурод Абдуллаев менен жолугушту.  

Жолугушуунун жүрүшүндө өзбек тарап коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жаатында милициянын ишмердүүлүгүн өнүктүрүүнүн жаңы долбоорлорун тааныштырды. Атап айтканда, жаңы техника, авто-моторнспорт, укук бузууларды, кылмыштарды жасоонун алдын алуунун жаңы санариптик технологиялары жана жарандардын коопсуздугун камсыздоону уюштуруу көрсөтүлдү. 

Алардын ичинен, долбоорлор: «дүрбөлөң баскычы», «коопсуз махаля», жарандарды (аялдарды жана балдарды) коргоо, конкреттүү аймакта жол кырсыктарын азайтуу, жол эрежесин сактоо шарттарын түзүү, ал эми эреже бузуу учурларында жол эрежесин бузгандардын айдоочуларына таасир этүүнүн, анын ичинде айып пул алуунун натыйжалуу ыкмаларын уюштуруу үчүн аткарылып жаткан иш-чараларды тааныштырды. 

Ошондой эле, милиция кызматкерлеринин ишин уюштуруу жана стимулдаштыруу, адам факторун жана коррупцияны жоюу боюнча долбоорлор сунушталды.

Ошону менен бирге, өзбек кесиптештер МАИ кызматкерлеринин жаңы кийим формасын көрсөтүштү.

Жолугушуунун жүрүшүндө өзбек тарап Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен жаңы долбоорлорду бөлүшүүгө даяр экендигин билдирди, ал эми аталган долбоорлорду иш жүзүндө көрүү үчүн өзбек тарап кыргыз делегациясын Өзбекстанга чакырды.

 

Последние новости