www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көк-Жардагы жер чыры боюнча дагы 7 адам кармалды

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Бишкектин Көк-Жар жаңы конушунун 172-контурундагы жерлердин сатылышына байланыштуу жети адам кармалганын кабарлады.

Шаардык милициянын маалыматында 2007-жылдан бери шектүүлөр 141 гектардан ашык айыл чарба багытындагы жер тилкелерин курулуш кылууга мыйзамсыз өткөрүп, андан ары турак жай салууга сатышканы аныкталган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголуп, Энергетика министрлигине караштуу энергетикалык көзөмөл кызматынын мурдагы башчысы (Т. М. К.), “ТТ ГЭС” ишканасынын директору (Д.К. Т.), ушул эле ишкананын башкы энергетиги (Ж.У. А.), Энергетика министрлигинин бир кызматкери (Э.С. У.) кармалды. Андан тышкары Бишкек шаарынын мэриясынын Көк-Жар муниципалдык аймактык башкармалыгынын мурдагы жетекчиси (А.Р. К.), “Добулбас” коомдук уюмунун (Д.Т.К.) башчысы жана дагы бир киши (И.Г.О.) кармалды.

Биринчи май райондук соту шектүүлөрдүн баарын Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алды. 

Бишкек шаардык мэриясы №172 контурда 385 курулуш бар экенин, алардын арасындагы мыйзамга туура келбеген 236 объект буздуруларын билдирген. Бузуу иши тургундардын каршылыгы менен коштолуп, талкуу жараткан. Сөз болуп жаткан аймакка үй жана башка курулуштарды куруп алгандар жерди мыйзамдуу сатып алганын айтып келишет.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Бишкектеги Көк-Жар жаңы конушунун 172-контурундагы айдоо жерлерине мыйзамсыз турак үйлөрдү курууга уруксат берген деген шек менен буга чейин төрт кишини кармаган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлууда. 

Последние новости