www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров ККМге каршы митингдердин артында аткезчилер турганын, алар үчүн жаңы эрежелер «кекиртекке тыгылган сөөк» сыяктуу экенин билдирди. 

Ал эми акцияларга барган адамдарды "жоопкерчиликсиз жарандар" деп сыпаттап, контролдук-кассалык машиналарды колдонуу салыктын адилеттүү төлөнүшүнө жана ачык-айкын иш жүргүзүүгө шарт түзөрүн белгилеп, "капиталисттик адаттардан арылуу керек" деп акыл айтты. 

Ошондой эле, өз сөзүндө: "Биз бир эле учурда жана баары болушун абдан каалайбыз. Өнүккөн өлкөлөрдө пайданын нормасы 8%дан 20%ке чейин", - деп айтты. 

Бирок, Акылбек Жапаров салык, тариф, баа пайда тууралуу мисал кылганда өзүнө ыңгайлуу ракурстан карап аргумент келтиргенге эле маш. Ошол эле кезде, өнүккөн өлкөлөрдөгү элге түзүлгөн шарттын мыктылыгы, айлык, пенсиянын жогору экени боюнча ооз ачпайт. Бул шылуунга манипуляцияла эле кылдырып койсо, алдына киши чыгарбайт.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости