www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Астана шаарында V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн көкпар боюнча Кыргызстан - Казакстан финалдык беттешинде 14 одоно эреже бузулду. Бул тууралуу Кыргызстандын көк бөрү федерациясынын эксперти Рамис Кудайбергенов "Кабар" маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан менен Казакстандын курама командаларынын ортосундагы финалдык оюндун кайталоосун Көк бөрү федерациясынын эксперттери деталдуу карап чыкты. Казакстандын Акылбек Кымызбаев баштаган калыстар тобу тарабынан олуттуу мыйзам бузуулар аныкталды.

“Оюн толугу менен Казакстан курама командасынын оюнчуларынын орой эреже бузуулары менен, ошондой эле спортчулардын жүрүм-туруму агрессия менен коштолгон. Калыстар тобунун оюндагы жекме-жектин эрежелерин системалуу түрдө этибарга албоосу Казакстандын курама командасынын үч салымына алып келди. Эреже бузууларды видео кайталоо аркылуу көрүүгө уюштуруучулардын баш тарткандыгына байланыштуу айрым эпизоддорго протест көрсөтүүгө мүмкүн болбой калды. Алсак, бул эреже бузуулар кыргыз курама командасынын салган салымдарына жана көкпар оюнунун эрежеси боюнча эсептелбей турган Казакстан курама командасынын салымдарына да тиешелүү”, - деди Рамис Кудайбергенов.

Ошондой эле ал калыстар тобу Казакстандын оюнчусу Улан Байтореевдин агрессивдүү жана адепсиз жүрүм-турумуна 2 мүнөткө гана жаза мамыга четтеткени өзгөчө нааразычылыкты жаратканын белгиледи.

“Көкпар эрежесинде одоно тартип бузган оюнчу 5 мүнөттүк айыпка чыгышы керек эле, ал эми үч жолу эскертүү берилген учурда оюндан четтетип салуу каралган. Көк бөрү федерациясынын эксперттери беттешти деталдуу карап чыккандан кийин 20дан кем эмес эреже бузууну аныкташкан, алардын 14ү одоно бузуу болгон”, - деп кошумчалады Рамис Кудайбергенов.

Последние новости