www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 2022-жылы туулган Сабирова Милана Жаныбаеванын жүргөн жерин аныктоо боюнча издөө-иликтөө иштерин жүргүзүүдө.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 19-июль күнү А.А. аттуу жаран Октябрь РИИБге кайрылып, кызы Сабирова Милана Жаныбаеваны издөөгө көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн. Анын айтымында, кыз ошол эле күнү Бишкек шаарынын Көк-Жар конушундагы Арпачиева көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Учурда жашы жете элек кыздын жүргөн жери белгисиз бойдон калууда. Бул факт Октябрь РИИБинин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталган.
Өзгөчө белгилери:
Кызыл түстөгү футболка кийген;
Кызгылт түстөгү шорта кийген;
Бутунда ак түстөгү крокстар болгон.
Октябрь РИИБ жарандарды кайдыгер болбоого чакырат. Эгерде Сабирова Милана Жаныбаеванын жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматыңыз болсо, төмөнкү байланыш телефондору аркылуу кабарлооңуздарды суранабыз:
☎ 0 (312) 54-41-16
☎ 0 (709) 08-42-44
☎ 102